Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:58

Ооганстандын чыгышында жанкечтинен чабуулунан 13 адам өлдү


Жалалабад шаарында жанкечти айдаган автоунаа полицияга жаңы кирип жаткандарды бутага алганда кеминде 13 адам каза тапкандан тышкары, жыйырмадай киши да жаракат алган. Жалалабад шаары курамына кирген Нангархар провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Абдул Зия Ахмадзайдын айтымында, жанкечти бомбага шыкалган автоунаасы менен полициянын кичи автобусун сүзгөн. Өлгөндөрдүн арасында полицейлер менен катар жөн-жай тургундар да бар.

Буга чейин ушул айдын башында Талибан узактан бери күтүлгөн жазгы чабуулун баштаганын жарыялаган эле. Ооганстанда кыянатчылыктардын саны өсүшү күтүлөрүн АКШнын расмий өкүлдөрү да билдиришкен.

XS
SM
MD
LG