Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:30

Премьер-министр баштаган делегация Беларуска кетти


Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, Алмазбек Атамбаев Беларустун борборунда КМШ өлкөлөрүнүн жана ЕврАзЭШтин өкмөт башчыларынын жыйынына катышат жана эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Бул аралыкта экономикалык тескөө министринин орун басары Адыл Касымалиевдин Бишкектеги бүгүнкү тегерек столдо айтканына караганда, Бажы союзуна союзуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары Кыргызстандын Бажы союзуна кирүү мүдөөсүн эртең эле жактыруусу мүмкүн. Эгер мындай болсо Кыргызстан Бажы союзу менен ага кирүүнүн шарттары боюнча сүйлөшүүлөрдү баштай алат. Кыргыз өкмөтү Бажы союзуна кирүү үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоо чечимин 11-апрелде кабыл алган. Бирок ишкер чөйрө менен эксперттер арасында бул маселе боюнча орток пикир жок. (UE)

XS
SM
MD
LG