Кошмо Штаттар Сириядагы адам укугун бузууларга байланыштуу президент Башар Ассадга жана Сирия өкмөтүнүн алты мүчөсүнө санкция жарыялады. Санкцияга ылайык, алардын АКШдагы байлыктары камакка алынат. Президент Барак Обама “Сирия өкмөтү зобун-зордукту токтотуусу жана Сирия элинин универсалдык укуктарыны камсыздаган демократиялык системага өтө баштоосу үчүн өлкө жетекчилигине кысымды күчөтүүнү” буйруганын АКШ Мамлекеттик Департаменти шаршемби күнү маалымдады.
Бүгүн президент Обама Ак Үйдүн Жакынкы Чыгыштагы саясаты боюнча чоң сөз сүйлөйт. Докладда АКШ лидери Арап дүйнөсүн толкуткан элдик козголушка кеңири токтолот деп боолгонууда.
Бүгүн президент Обама Ак Үйдүн Жакынкы Чыгыштагы саясаты боюнча чоң сөз сүйлөйт. Докладда АКШ лидери Арап дүйнөсүн толкуткан элдик козголушка кеңири токтолот деп боолгонууда.