Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:29

Медведев Украинаны багытын тактап алууга чакырды


Украина бордош Россия менен ысык мамиледе болууну каалайбы же Европа Биримдиги менен жакындашканды артык көрөбү? Бул суроону Киев ушу азыр чечип алыш керек экенин президент Дмитрий Медведев 18-майда Москвада болгон маалымат жыйынында эскертти. Медведевтин айтышынча, Киевдин Евробиримдикке умтулуусу Украинанын Россия курамындагы Бажы союзуна кошулуусун тааталдантат.

Бажы союзуна Россияга катар Беларус жана Казакстан кирет. Президент Виктор Янукович былтыр бийликке келгенден бери Москва менен мамилени тегиз кармоого катар Европа менен да жакшы алака күтүүгө аракет кылууда.

XS
SM
MD
LG