Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:01

Кадыржан Батыровдун соту башталды


Бирок Жалал-Абад шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, облустагы өзбек улуттук-маданий борборунун башчысы Кадыржан Батыровго карата кылмыш ишин кароо деңгээлине жете элек. Буга Батыровдун жактоочусу Шадыбек Сопубеков судья Сулайман Атакуловго ишеним көрсөтпөй атканы себеп болду. Мындан тышкары Кадыржан Батыровдун иши боюнча айыпталып жаткан алты адамдын бири - Абагжановго байланыштуу анын адвокаты кылмыш ишин кыскартуу өтүнүчүн берди. Сот тараптардын өтүнүчүн кароо үчүн өзүнүн кеңешүүчү бөлмөсүнө кирип кетти.

Буга чейин соттук териштирүү жактоочулар да, жабырлануучулар да келбей койгондуктан үч жолу жылдырылган.

Башкы прокуратура тергеп-иликтөөнүн жүрүшүндө Батыровдун күнөөсү далилденгенин билдирген. Ал былтыркы түштүктөгү коогалуу окуялардын уюштуруучусу катары айыпталып, издөөдө болгондуктан сыртынан соттолуп, өкүм чыгарылат.

Июнь коогасын иликтеген эл аралык комиссиянын төрагасы Киммо Килюнен 3-майда корутундусун жарыялап жатып "Батыров жикчилдикке чакырып, өзбектер үчүн автономия сураган эмес" деп билдирген болчу. (EK)

XS
SM
MD
LG