Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:04

Карамушкина сабалган журналисттер боюнча тынчсыздануу билдирди


Социал-демократтар фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина өкмөттөн журналисттерге карата соңку кол салууларга жооп кылууну талап кылды. Бул тууралуу Карамушкина бүгүн Жогорку Кеңеш жыйынында айтты. Ошто сабалган жана Бишкектеги 5-каналдын токмоктолгон журналисти боюнча камтамачылыгын билдирген депутат “бүгүнкү күнү Бакиевдин тушундагыдай куугунтуктоолор болуп жатат” – деп белгиледи. Карамушкина өкмөткө кайрылып, “бул кол салуулардына артында кимдер турганын коомчулукка шардана кылуу керек” деген талап койду. (EK)

XS
SM
MD
LG