Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

Бажы союзуна кирүү “Дордойдогу” ишкерлерди митингге чыгарышы мүмкүн


Базарда отурган ишкерлер арасында Бажы союзуна кирүү менен “Дордой” жабылат деген чочулоо бар. Бул тууралуу Экономиканы жөнгө салуу министрлигинде өткөн тегерек үстөл талкуусунда айтылды. Учурда Бишкекте эң ири деп эсептелинген “Дордой” базарында 60 минден ашык адам иштейт. Ишкер Аскар Салымбеков Бажы союзуна кирүү менен Кыргызстанда миграция агымы да көбөйөт деген ойдо. Өлкөдөгү кичи көлөмдөгү эмгек акы жана пенсия менен эл жашай албайт. “Эмгекке жарамдуу калк сыртка агылып, Кыргызстанда жалаң карылар менен балдар калат”, - дейт Салымбеков. (EK)

XS
SM
MD
LG