Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:38

Кыргыз-корей дипломаттары бир ай визасыз жүрө алат


 Бул боюнча өкмөт аралык келишим бүгүндөн тарта күчүнө киргенин Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.  Келишимге былтыр 30-ноябрда Сеулда кол коюлган. Ага ылайык, Кыргызстан менен Түштүк Кореянын дипломаттык жана кызматтык паспорттору бар жарандары мындан ары 30 күн бою бири-биринин өлкөсүндө визасыз жүрө алат.   Бул чара эки өлкө ортосунда саясий жана экономикалык алакаларды чыңдаш үчүн киргизилип жаткандыгын ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. (EK)

 

XS
SM
MD
LG