Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:27

Киркукта бир нече жардыруудан 20дан көп киши өлдү


Ирактын түндүгүндөгү Киркук шаарында бүгүн полиция бөлүмдөрүндөгү 3 жардыруудан кеминде 20 киши мерт кетип, 80ге жакыны жараланды. Биринчи бомба имараттын жанындагы машина койгон жайда жарылган. Аны уккан полициячылар сыртка чуркап чыккан кезде, дүрмөттөлгөн машина жарылып кеткен. Жарылуулардан полиция имараты дээрлик толугу менен урап калды. Дагы бир бомба бир нече сааттан кийин алыс эмес жерде жардырылган.

XS
SM
MD
LG