Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

Ооганстанда кол салуудан 35 киши окко учту


Ооганстандын Пактия вилайетинде талип согушкерлеринин кол салуусунан жол куруп жаткан 35 жумушчу мерт болду. Губернатордун маалымат катчысы билдиргенине караганда, Вази Задран чөлкөмүндө болгон окуядан бери дегенде 20 киши жараланды. Курулуш компаниясынын коопсуздук кызматкерлери менен жоочулардын ок атышуусу дээрлик 2 саатка созулуп, 8 согушкер окко учканы айтылууда. Пактия Пакистан менен чек ара аймагында орун алган. Чек аранын ары жагынан келип жатышат делген талиптер Ооганстандын жана эл аралык коалициянын аскерлерине кол салышканы көп маалымдалат.

XS
SM
MD
LG