Даниялык режиссер Ларс фон Триер Канн кинофестивалына мындан ары катыша албайт. Жарыштын уюштуруу комитети аны Гитлерге жан тарткан комментарийлери үчүн “персона нон грата” деп жарыялады.
Режиссердун сөздөрү “гуманизмдин идеалдарына каршы келет” деп айтылат билдирүүдө. Алдыңкы күнкү маалымат жыйынында Фон Триер: "Гитлер жакшы киши болчу деп айта албайбыз, бирок мен аны түшүнөм. Ал мага бир аз жагат" деген. Кийин режиссер тамашалаганын айтып, кечирим сурады. Азырынча анын “Меланхолия” деген тасмасы фестивалда көрсөтүлүп-көрсөтүлбөсү белгисиз.
Фон Триердин “Караңгыдагы бий” деген тасмасы 2000-жылы фестивалдын баш байгесин – Алтын пальма сыйлыгын алган.