Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

Кемин районунда олимпиадалык резерв мектеби ачылат


Кемин районунун Кичи-Кемин айылындагы бул мектеп спорттун грек-рим күрөшү жана оор атлетика түрү боюнча балбандарды даярдамакчы. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Үй куруучулар” партиясынын тең төрагасы Бейшенбек Абдразаков билдирди. Маалыматка ылайык, бул спорттук комплекстин расмий ачылышы 21-майга белгиленип, ага президенттин катышуусу күтүлүүдө.

Спорттук мектептин курулушу 2009-жылы ошол кездеги депутат Бейшенбек Абдразаковдун демилгеси менен башталган. Ал үчүн бюджеттен 7,5 миллион сом бөлүнгөн болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG