Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

Обама: Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкада реформага жол ачылды


АКШ президенти Барак Обама Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкадагы демократиячыл көтөрүлүш Америка үчүн бул региондо демократияны жана реформаны жайылтууга “тарыхый мүмкүндүк” түзүүдө деди. Обама Мамлекеттик департаменттеги программалык сөзүндө соңку айларда региондо болгон күтүүсүз өзгөрүүлөр репрессиянын заманы бүткөнүн тастыктаганын белгиледи:

- Биз акыркы жарым жылда Жакынкы Чыгышта жана Түндүк Африкада таң калыштуу өзгөрүүлөр жүрүп жатканын байкоодобуз. Эл аянттан аянтка, шаардан шаарга, өлкөдөн өлкөгө өтүп, бардык жерлерде адамдын негизги укуктарын коргоого чыгып жатты.

Барак Обама Сирия президенти Башар Ассадды өлүм жолун тандап алды деп, багытын өзгөртүүгө же бийликтен кетүүгө чакырды. Ошондой эле Иранды Сирияны колдогону үчүн сындады.

XS
SM
MD
LG