Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:36

ЕврАзЭШте Эркин соода зонасын түзүү дагы кечеңдеди


19-майда Беларустун байтакты Минскиде КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Кеңешинин жыйыны өттү. Кээ бир суроолор чечилбегендиктен Эркин соода аймагы жөнүндөгү келишимди кабыл алуу кийинкиге калды. Жыйында Евразия экономикалык шериктештиги-ЕврАзЭШтин антикризистик корунан Беларуска насыя берүү маселеси талкууланды. Беларус тарап ЕврАзЭШтен 3,5 миллиард доллар карыз алуу жагы Орусия менен макулдашылганын билдирди. Насыя маселеси Беларус президенти Александр Лукашенко менен Орусия премьер-министри  Владимир Путиндин бүгүнкү сүйлөшүүсүндө талкууланат. Орусия 11-майда Беларуска ал сураган 1 миллиард доллар берилбесин билдирген.

 

XS
SM
MD
LG