Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:01

Президенттик шайлоо күнүн тактоо маселеси көтөрүлдү


Бүгүн Жогорку Кеңеште ушул жылга белгиленген президенттик шайлоо күнүн тактоо маселеси козголду. Оппозициялык “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоо качан өтөөрү июндун этегине дейре такталып калышы зарыл экендигин белгиледи.

Депутаттын айтымында, шайлоо болжол менен 10-октябрга туш келиши мүмкүн. Экинчи айлампа да болушу ыктымал экенин эске алганда ноябрга чейин шайлоо жыйынтыгы чыгарылышы керек. Мыйзамга ылайык, жаңы президент учурдагы өлкө башчысы Роза Отунбаеванын ыйгарым укуктары жыйынтыкталганга чейин эки ай мурун шайланышы зарыл.

Депутат “Шайлоо тууралуу” мыйзамга кол коюлганга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын курамын бекитүү зарылдыгын айтты. Өмүрбек Текебаев ушул күндөрү президент аппаратына бул тууралуу кат жөнөтүү абзел экенин кошумчалады. (EK)

XS
SM
MD
LG