Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:20

Чийки документтин жайылуусуна бөгөт койчу комиссия түптөө сунушталды


Июнь коогасын иликтөөгө алган депутаттык комиссиянын төрагасы Токон Мамытов бүгүн Жогорку Кеңеште массалык маалымат каражаттарына чийки документтерди берүүгө бөгөт койчу комиссия түптөө сунушун киргизди. Депутат маалымат каражаттарына чийки документтер чыгып кетип жатканына нааразылыгын билдирип, июнь коогасы боюнча комиссия беш вариантта жыйынтык чыгарганын, бирок Интернетке анын чийки - экинчи варианттагы бүтүмү жарыяланып кеткенин айтты.

ММКга бул маалыматты комиссияга кирген 25 адамдын кимиси берип жибергени тууралуу маалыматы болбогонун айткан Мамытов Жогорку Кеңештин аппаратына бул маселе боюнча документ иштеп чыгууну тапшырды. (EK)

XS
SM
MD
LG