Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын коргоо министрлери бүгүн мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында жолугушуп, аймакта аскерий кызматташуу боюнча талкуу курушту.
Министрлер Абибилла Кудайбердиев, Адилбек Джаксыбеков жана Шерали Хайруллоев аймактык коопсуздук маселелери боюнча пикир алышып, Борбор Азиядагы коопсуздук коркунучтары менен чогуу күрөшүү үчүн бирдиктүү аскерий машыгуулар өткөрүү тууралуу макулдашты. Өлкөнүн Коргоо министрлигинен маалымдалгандай, мындай форматта жолугушуу Кыргызстанда биринчи ирээт уюштурулуп жатат. (EK)