Кыргызстандын 1-вице-премьер-министри Өмүрбек Бабановго байланыштуу чуулуу иштерди иликтеген депутаттык комиссия ушундай жыйынтыкка келди.
Комиссия жетекчиси, “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Өмүрбек Абдрахмановдун "Азаттыкка" маалымдашынча, паспорт алууда анын жол-жобосу бузулган.
“Бабанов 1995-жылы СССРдин паспортун тапшырып, Казакстандыкын алган жана автоматтык түрдө ал жактын жараны болуп калган. Беш жыл ал паспортту алып жүргөн. 1999-жылы Бишкектеги паспорт столунан Кыргызстандын жарандыгын алган. Мыйзам боюнча ал жарандык алууда алгач өлкө президентине кайрылышы керек эле. Ушундай фактынын болгонун Бабанов мойнуна алды”, - дейт Абдрахманов.
Ал эми дагы бир депутаттык комиссиянын жыйынтыгы башкача болду. Анын жетекчиси, Социал-демократтар фракциясынан депутат Токтогул Туманов Казакстандын Тышкы иштер министрлигинен жана элчилигинен расмий маалымат алынганын, ага ылайык, Бабанов Казакстандын паспортун алганын, бирок ал расмий таанылбаганын "Азаттыкка" билдирди.
“Алынган экен, бирок туура эмес. Кийин аны алар жокко чыгарышкан. Расмий паспорт алынган эмес экен, шаардык ички иштер бөлүмү аркылуубу, айтор алынган экен”, - дейт Туманов. (МТо)