Сириянын Адам укуктары боюнча улуттук уюмунун төрагасы Анмар Курабинин маалыматына ылайык, коопсуздук күчтөрү кечээ дагы 44 кишини атып өлтүрүштү.
Жума намазынан кийин өлкөнүн булуң-бурчунда кайрадан нааразылык акциялары өткөн. Активисттердин ырастоосунда, Маарет ал-Нуман шаарында бери дегенде 12, Хомсто 11дей киши окко учту.
Бул жолку демонстрацияларда сириялык күрттөргө тилектештик билдирген ураандар да угулуп жатты. Укук коргоочу уюмдардын санактарына ылайык, президент Башар Асаддын авторитардык режимине каршы март айында башталган нааразылык чыгууларында 800дөн ашуун бейкүнөө адам набыт кетти, миңдеген демонстрант камакка алынды.
Дамаск өкмөтү толкундоолорду чет өлкөлүк күчтөрдүн жана исламчылардын колдоосу менен куралчан топтор уюштуруп жатышат деп айыптоодо. Бийликтин айтымында, кагылышууларда бир топ тартип коргоочу мерт болду.