Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Ат спорт мелдешинде өзбекстандык команда утту


Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын командалары ат спортунун классикалык конкур түрү боюнча Кыргызстандын президентинин Кубогун талашты.

Бишкектеги ат спорту мектебинде өткөн мелдеште Кубокту Өзбекстандын командасы утуп алды. Казакстан экинчи орунду, Кыргызстан үчүнчүнү ээледи. Бул тууралуу “Азаттыкка” өлкө башчысынын маалымат кызматынан билдиришти.

Иш-чарага катышкан президент Роза Отунбаева ат спортуна мындан ары тиешелүү көңүл бурулаарын убада кылды. (MTo)

XS
SM
MD
LG