Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:32

Элди бөлүп-жарууга тыюу салуу сунушталууда


“Бириккен атуулдар” коомдук бирикмеси Жогорку Кеңешке кайрылып, Баш мыйзамдын 31-беренесинин 4-бөлүмүнө толуктоо киргизүү керектигин билдиришүүдө.

Ага ылайык, "Улуттук, этностук, расалык, диний жек көрүүчүлүктү, гендердик жана башка социалдык үстөмдүктү үгүттөп, кодулоого, касташууга же күч колдонууга чакырган үндөөлөргө тыюу салынат" деген бөлүмгө «аймактык» деген сөздү кошуу сунушталып жатат.

“Катардагы мекендештерибизден тарта мамлекеттик чоң кызматта иштеген атуулдарга чейин көп учурларда аймактык саясат колдонулуп, ошого жараша адамга мамиле жасалып жана кээде бул абал курал катары колдонулуп келгени жашыруун эмес. Мындай мамиле, бир гана биздин бирге кадам таштап өнүгүүбүзгө жолтоо болбостон, мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнө да коркунуч туудуруп келет. "Түндүктүктөр-түштүктүктөр" сыяктуу бөлүнүүлөргө расмий түрдө тыюу салынышын жана бул тыюу күчүнө кирген соң аны бузгандарды мыйзам чегинде жоопко тартылышын каалайбыз”, - деп айтылат кайрылууда. (MTo)

XS
SM
MD
LG