Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:29

Нетаняху: Израил менен АКШ ортосунда кризис жок


Израилдин премьер-министри Бенямин Нетаняху анын өкмөтү менен Барак Обама администрациясы ортосунда кандайдыр бир кризис бар деген кептерди чекте какты. Премьердин маалымат катчысы ортодогу пикир келишпестиктер өтө эле көбүртүп-жабыртып чагылдырылган деп билдирди. Араздашуулар болсо да, анын бардыгы “достор арасында боло жүргөн пикир-келишпестиктер” деп кошумчалады Нетаняху.

Жума күнү Вашингтондо АКШ президенти менен жолугушкандан кийин ал Израил менен Палестина ортосундагы сүйлөшүүлөр 1967-жылкы чек араларга негизделип жүргүзүлүшү керек деген Обаманын сунушун четке каккан. Ал жылы 6 күнгө созулган урушта Израил Иордан дарыясынын батыш жээгин, Чыгыш Иерусалим жана Газа тилкесин басып алган. Нетаняху бүгүнкү Израилге 1967-жылкы чек араларга кайтуу мүмкүн эмес, Жакынкы Чыгыштагы тынчтык “иллюзияларга негизделбеши керек” деген.

XS
SM
MD
LG