Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:47

АКШ Йемен президентин бийликти өткөрүүгө үндөдү


Кошмо Штаттары Йемендин президенти Али Абдулла Салехти бийликти өткөрүп берүү келишимине ылайык кызматтан кетүүгө үндөдү. Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтондун билдирүүсүндө айтылгандай, Йемен элине “биридиктүү, стабилдүү, демократиялык жана өркүндөгөн” өлкөнү курууга өбөлгө түзүү үчүн АКШ “бийликтин тынч жол менен өткөрүлүп беришин” колдойт.

Кечээ Салех жекшембиде келишимге кол коёрун айтып, ошол эле маалда аны “төңкөрүш” аракети деп баалаган. Йеменди 32 жылдан бери башкарып келаткан президент ал кетсе, "ал-Кайиданын" экстремисттери өлкөнү өз көзөмөлүнө алууга аракеттенишет деп эскертүүдө. Салех буга чейин 2 ирет акыркы мүнөттө кызматтан кетүү документине кол коюудан баш тартып келди. Келишимдин акыркы вариантына ылайык, Салех 30 күндүн ичинде президенттиктен кетсе, ага кол тийбестик ыйгарылат.

Перси булуңундагы кызматташтык уюму иштеп чыккан документти АКШ менен Европа биримдиги колдошту. Оппозициянын ырастоосунда, антиөкмөттүк чыгуулар уланып келаткан 3 айда кагылышууларда 150дөй киши мерт кетти.

XS
SM
MD
LG