Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:57

Испанияда жергиликтүү шайлоодо оппозиция жеңди


Баштапкы маалыматтарга караганда, оппозициядагы Элдик партияны шайлоочулардын 37 пайызы колдогон. Бийликтеги Социалисттик партия болсо 28 пайыздай эле добуш алды. Социалисттер соңку кездери экономикалык кризисти жана жумушсуздук көйгөйүн жөндөй албаганы үчүн сынга алынып келген. Кечээги добуш берүүнүн жыйынтыктары аймактык өкмөттөрдүн он үчү оппозициядагы Элдик партияга өтөрүн көргөздү. Бул келерки жылдагы парламенттик шайлоо алдында оппозициянын чоң жетишкендиги, бийликтеги партиянын ири жоготуусу катары каралууда. Азыр Испанияда жумушсуздуктун деңгээли 21%. Бул - өнөр жайлуу өлкөлөр ичинен эң жогорку көрсөткүч.

XS
SM
MD
LG