Барак Обама Европадагы бул жолку сапарын бүгүн Ирландиядан баштоодо. АКШ президенти Ирландиядагы сапарынын алкагында чоң таяталарынын кичи мекени Монигалл деген кыштакка да бармакчы. Обаманын атасы кениялык болгону менен апасынын теги Ирландиядан чыккан. Ирландиядан соң АКШ президенти Британияга келет. Бул жерде анын каныша Елизавет жана премьер-министр Дэвид Камерон менен жолугушуусу белгиленген. Британиядан кийин Барак Обама Францияга барып, Чоң Сегиздик тобунун саммитине катышат. АКШ президенти Европадагы бул жолку сапарын Польшада аяктайт. Ал жерде Обаманын Чыгыш Европанын лидерлери менен жолугушуусу мерчемделген.