Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:57

Пакистандагы кол салуу үчүн Талибан жоопкерчилик алды


Карачидеги маанилүү Мехран аскер-деңиз базасына ракеталар жана жардыруучу заттар менен куралданган адамдар тобу кечээ түнү кол салган. Маалыматтарга караганда, ал жерде уруш бүгүн эртең менен да уланып жатты. Атышуулардан кеминде беш адам каза тапкан, ондой киши да жаракат алган. Исламчыл согушкерлер деп шектелген куралчандар базада токтоп турган бир нече учакты талкалашкан. Базада бир катар жарылуулар болгону жана өрт чыкканы да кабарланды.

Расмий өкүлөрдүн айтымында, кол салууга кеминде он бештей куралчан тартылган. Рейтер жана Франсс Пресс агенттиктеринин Талибандын басма сөз катчысы Ехсанулла Ехсанга шилтеме жасап билдиришкенине караганда, чабуул “ал-Каида” лидери Усама бин Ладендин өлүмү үчүн өч алуу максатында жасалган.

Бул окуя соңку жылдары Пакистандын аскерий жайларынын коопсуздугун бузган эң ири кол салуу катары каралууда.

XS
SM
MD
LG