Бул тууралуу “Азаттыкка” иш-чараны уюштуруп жаткандардын бири, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандагы бир канча бейөкмөт уюмдардын жана диаспоралардын өкүлдөрү өлкө калкын тынчтыкка чакырып, былтыркы коогалуу окуяларда элдин колуна өтүп кеткен курал-жарактарды өткөрүп берүүгө үндөп бүтүндөй Кыргызстанды кыдырганы чыгышты. Кербен Жалал-Абаддын Токтогул районунан башталды. Иш-чаранын соңунда Бишкекте ири жыйын өткөрүлмөкчү. (EBM)