Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:19

Бишкекте таштанды иштеткен завод ачуу маселеси козголууда


Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Өнүктүрүү жана реконструкциялоо боюнча европалык банктын өкүлү Жан-Патрик Маркуэт менен жолугушту. Шаардык мэриянын маалымат кызматынын билдиришинче, анда Маркуэт аталган банк суу системасын жакшыртуу, коомдук унаа менен камсыздоо жана таштандыны кайра иштетүү боюнча долбоорлорду каржылоо ниети бар экенин айтты. Өмүркулов күнүгө шаардан 1,5 миң тоннадай таштанды чыгарыларын айтып, завод курулса бир катар проблемалар чечилээрин белгиледи. Банктын өкүлү Бишкектин бул сунушу караларын билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG