Буга байланыштуу 23-майда “Улуттук валюта аркылуу насыя берүү” программасынын алкагында келишимге кол коюлду. Каржы министрлиги, Улуттук өнүктүрүү жана реконструкциялоо боюнча европалык банк ортосунда коюлган келишимге ылайык, банктар, кичи каржылоо уюмдары, жеке компаниялар 10 млн. еврого чейин насыяны сом аркылуу ала алышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Каржы министринин жетектөөчү адиси Нурбек Акжолов тастыктады. Анын айтымында, бул сомду күчтөндүрүүгө жардам берет. Эгер доллар өсүп кетсе, ортодогу айырманы Өнүктүрүү жана реконструкциялоо боюнча европалык банк төлөп берет.
Аталган программа өткөөл экономиканы баштан өткөрүп жаткан ондогон өлкөгө жардам берет. Анын максаты экономиканын долларлашуусунун деңгээлин, каржылык көз карандылыкты азайтып жана экономикалык тобокелдиктерди кыскартууга багытталган.
“Улуттук валюта аркылуу насыя берүү” программасы беш жылга эсептелген жана анын суммасы 40 млн. еврону түзөт. (КЕ)