Бүгүн Жогорку Кеңештин Регламент жана мамлекеттик кызматкерлердин этикасы боюнча комитети өзгөчө кырдаал учурларда депутаттарга курал алып жүрүүгө уруксат берүү маселесин талкуулашат. “Депутаттардын макамы жөнүндө” мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү демилгесин парламенттин төрагасы Акматбек Келдибеков көтөрүүдө. Мыйзамга ылайык, депутаттын өмүрүнө коркунуч келе тургандай өзгөчө кырдаал түзүлсө атайын арыз менен Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылат. Курал алып жүрүүгө уруксатты да төрага берет.
Аталган комитеттин төрага орун басары Эгемберди Эрматовдун “Азаттыкка” билдиришинче, комитет мүчөлөрү мыйзамды биринчи окууда колдошкон. Экинчи окууда жактырылса, мыйзам Жогорку Кеңештин талкуусуна коюлат. (КЕ)