Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

Элчилерден жылына бир жолу маалымат алып туруу сунушу айтылууда


Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитети 23-майда Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтер жана консулдуктарынын ишмердүүлүгү, жүрүм-турумун, мигранттарга жасаган мамилелерин талкуулады. Жабык өткөн жыйында депутаттар элчилерден жылына бир жолу маалымат алып туруу сунушун билдиришти. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган комитеттин төрагасы Алмазбек Баатырбеков билдирди. Ал элчилерди дайындоодо депутаттардын макулдугу болсун деген сунуштар айтылганын кошумчалады.

Буга чейин чет өлкөдө жүргөн бир топ кыргызстандык мигранттар элчилик кызматкерлеринин одоно мамилеси, мамлкеттик тилди билбегени тууралуу “Азаттыкка” кат жолдошкон. (КЕ)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG