Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:47

Үч космонавт Жерге кайтып келди

Орусиянын “Союз” космос кемесинин аппараты бүгүн Казакстандын аймагына ийгиликтүү конду. Аны менен Жерге орус космонавты Дмитрий Кондратьев, Европанын космос агенттигинин астронавты Паоло Несполи, АКШнын космос агенттиги - НАСАнын астронавты Кэтрин Колман кайтып келишти. Алар орбитада 159 күн болушту. Быйыл июль айында АКШ өзүнүн космос чөлмөктөрүн учурууну аяктоодо. Эми космонавттарды 2016-жылга чейин Эл аралык станцияга Орусиянын “Союз” кемеси гана жеткирип турат.
XS
SM
MD
LG