Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:08

ЖК комитети КТРК тууралуу мыйзам долбоорду талкуулоодо


Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият, маалымат жана дин саясаты боюнча комитети “Коомдук телерадио корпорация тууралуу” мыйзам долбоорду талкуулап жатат. 22-апрелде парламент бул мыйзам долбоорду биринчи окууда жактырган болчу. Депутаттардын сунуштарын эске алуу менен мыйзам долбоорго толуктоолор киргизилип, экинчи окууга коюлат. КТРКнын азыркы Байкоочу кеңешин таркатуу, же мөөнөтү бүткүчө иштөөгө мүмкүнчүлүк берүү маселеси Жогорку Кеңеш кабыл ала турган атайын токтомдун негизинде чечилмекчи.

Бул мыйзам долбоор коомдук каналдын иштөө жана байкоочулар кеңешин шайлоо тартибин аныктайт. Долбоорго ылайык, кеңештин беш мүчөсүн парламент көрсөтүшү абзел. Калган он мүчөсүн президент жана жарандык коом сунуштайт.

2010-жылдын 30-апрелде Убактылуу өкмөттүн декрети менен Улуттук биринчи канал коомдук деп өзгөртүлгөн. Ага ылайык президент Роза Отунбаеванын жарлыгы менен өткөн жылдын 26-августунда 15 кишиден турган Байкоочулар кеңеши түзүлгөн болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG