Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:48

Коогалаң боюнча депутаттык комиссия корутундусун жарыялашы мүмкүн


Бүгүн Жогорку Кеңеште апрель жана июнь окуяларын иликтеген депутаттык комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыктары боюнча парламенттик угуу өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ата Мекен” фрациясынын депутаты Туратбек Мадылбеков билдирди.

Мадылбековдун айтымында, иликтөөлөрдө июнь коогалаңынын келип чыгышына "мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын командасы жана өзбек тектүү жикчилдер күнөөлүү" деп табылган. Мындан сырткары парламенттик угуу маалында апрель-июнь окуяларына үч багытта: саясий, моралдык жана юридикалык баа берилип, улут аралык жаңжалды болтурбоонун жолдору талкууланат.

Талкууга убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү катышып, депутаттык комиссия корутундусуна өз пикирлерин айтат деп күтүлүүдө.

Депутаттык комиссия парламенттин алгачкы жыйынында түзүлгөн жана ага ар бир фракциядан бештен өкүл кирген. Июнь коогалаңы тууралуу жакында эле эл аралык комиссиянын корутундусу жарыяланган. Ага чейин бул кандуу калабаны Улуттук комиссия иликтеп чыккан болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG