Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:45

Бабанов: Максим Бакиев менен сүйлөшкөн эмесмин


Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн четке какты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн тараткан маалыматта айтылат.

24-майда жергиликтүү интернет барактарында Бабанов делген адам менен Максим Бакиевдин бир мүнөткө жетпеген телефондук сүйлөшүүлөрү жарыяланган. Биринчи вице-премьер-министр “бул мени жана өкмөттү каралоо үчүн жасалып жаткан иштер” деп, Максим Бакиев менен эч кандай алакасы жоктугун жана андан акча сурабаганын билдирүүдө.

Бүгүн Бабановго карата мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболов тарабынан айтылган айыптоолорго байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын бүтүмү парламентте жарыяланмак. Мындан улам саясатчы, бул - ага карата жасалып жаткан саясий оюндардын бир жүрүшү деген ойдо.

Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Орусиянын атайын кызматтары тарабынан жаздырылган делген чуулгандуу аудио боюнча тартип коргоо органдарына кайрылганын билдирди. (EK)

XS
SM
MD
LG