Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:27

“Алибинин” журналисттери Ак үй алдына митингге чыкты


Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган гезиттин мурдагы баш редактору Күнболот Момоконов билдирди. Анын айтымында, “Алиби” гезитинин мурунку жетекчиси, учурда Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Бабырбек Жээнбеков алты журналисттин эмгек акысын жарым жылдан бери бербей келет.

Журналисттер өз укуктарын коргоо боюнча буга чейин Биринчи май райондук сотуна кайрылышканын билдирип, бирок айыпталуучу тарап соттук отурумдарга келбей жаткандыгын айтышууда. Ушундан улам “Алиби” гезитинин мурдагы журналисттери Жогорку Кеңештеги эл өкүлү Равшан Жээнбеков аркылуу Бабырбек Жээнбековго арыздарын угузуу үмүтүндө.

“Алиби” гезитинин мурдагы жетечиси Бабырбек Жээнбеков ага карата коюлган дооматтарды четке кагууда. Ал журналисттерге айлык акы берилгенин, бирок алар өздөрү андан баш тартып, негизи жок ызы-чуу көтөрүп жатышкандыктарын "Азаттыкка" маалымдады. Жээнбеков юридикалык жактан “Алиби” гезитинин жетекчиси эместигин айтып, дооматтар “туура эмес дарекке” багышталып жаткандыгын кошумчалады. (EK)

XS
SM
MD
LG