Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:46

Валерий Хонду Жогорку Кеңеште башка уруп кетишти


Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановго карата айыптоолорго байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиялар бүтүмүн жарыялоо үчүн уюштурулган комитет аралык жыйынга келген ишкер Валерий Хонду белгисиз адамдар башына уруп кетишти. Окуя Жогорку Кеңеш имаратынын биринчи кабаттагы батыш залынын босогосунда болду.

Хонду парламентке “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Өмүрбек Абдрахманов чакырган. Жабырлануучунун саламаттыгы учурда канааттандыраарлык экенин парламенттеги кабарчыбыз маалымдады.

Валерий Хон бул окуя боюнча тартип коргоо органдарына кайрылуудан баш тартып, анысын “баары бир териштирүү жыйынтыгын бербейт” деп түшүндүргөн.

Ишкер буга чейин Бабановду "экономикалык көз бойомочулук жана рейдерлик кылган" деп айыптап келсе, Өмүрбек Бабанов "Азаттыкка" курган маегинде мындай дооматтарды четке каккан. (EK)

XS
SM
MD
LG