Бул тууралуу “Азаттыкка” иш-чараны уюштуруп жаткандардын бири, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева билдирди. Анын айтымында, уюштууручулар бүгүн Баткен облусунун чtк арага жакын аймактарынын эли менен жолугушат.
25-майда Ош шаарынын Шейит-Дөбө, Он-Адыр, Нариман жана Кулатов кичи райондорун кыдырышкан уюштуруучулар элди ынтымакка чакырышты. “Тынчтык кербени” Жалал-Абаддын Токтогул районунан башталып, Сузак, Базар-Коргон райондорунун эли менен жолугушуп, барган жерлерге роза гүлү тигилген.
Кыргызстандагы бир канча бейөкмөт уюмдардын жана диаспоралардын өкүлдөрү калкты тынчтыкка чакырып, былтыркы коогалуу окуяларда элдин колуна өтүп кеткен курал-жарактарды өткөрүп берүүгө үндөп, өлкөнү кыдырганы чыгышкан. Иш-чаранын соңунда Бишкекте ири жыйын өткөрүлмөкчү. (КЕ)