Кечээ башталган курултайга отуздан ашуун өлкөдөн казак диаспорасынын өкүлдөрү, жалпысынан алты жүздөй делегат катышууда. Мурдагы курултайлардан айрымаланып, бул ирет жаш активисттер көбүрөөк чакырылган. Казактардын биринчи дүйнөлүк курултайы 1992-жылы өткөн эле. Мындай жыйын ар беш жылда бир ирет уюштурулуп турат.