Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:18

Парламентте коопсуздук чаралары күчөтүлөт


Депутаттардын айдоочу жана жан сакчылары үчүн парламентке кирип чыгуу көзөмөлү күчөтүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңеш төрагасы Ахматбек Келдибеков бүгүн парламент жыйынында билдирди. Коопсуздук маселеси кечээ парламенттин имаратында ишкер Валерий Хонду бирөөлөр башка уруп кеткенден кийин көтөрүлүүдө.

Кечээ биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановго карата айыптоолорго байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиялар бүтүмүн жарыялоо үчүн уюштурулган комитет аралык жыйынга келген ишкер Валерий Хонду белгисиз адамдар башына уруп кетишкен. Окуя Жогорку Кеңеш имаратынын биринчи кабаттагы батыш залынын босогосунда болгон. (EK)

XS
SM
MD
LG