Бул тууралуу Чукул кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматкери Абдишарип Бекилов “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка ылайык, жер көчкү бүгүн эртең мененки саат сегиздер чамасында Алай районунун Будалык айылына баруучу ички чарбалык унаа жолдун 4-4,5-чакырымында жүрүп, ылай аралашкан көчкү жолду жаап калган. Алдын ала маалымат боюнча, жабыр тарткандар болгон жок. Аймакта тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. (KKs)