Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:55

Токтонасыров Эл аралык комиссия корутундусун өрттөдү


Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров бүгүн БУУ үйүнүн алдында эл аралык комиссиянын июнь коогасы боюнча бүтүмүн өрттөдү. Акция убагында укук коргоочу дакиден беткап жана мээлей кийди. Токтонасыров отчетту эки улут ынтымагын ыдыратчу согуштук куралга окшош деп сыпаттап, аны өрттөө менен документ катары анын жараксыздыгын образдуу көрсөткүсү келгенин “Азаттыкка” билдирди.

Өндүрүш Токтонасыров “эл аралык комиссия июнь коогасын дыкат иликтөөгө алган эмес, отчет бир тараптуу болуп калган” деп айыптоодо. Каршылык акциясына чыккан укук коргоочу БУУдан бул отчетту канааттандырарлык эмес деп таап, дүйнөлүк коомчулукка шардана кылуусун талап кылууда.

Июнь коогасын иликтеген эл аралык комиссия ишинин корутундусун 3-майда Бишкекте жарыялаган. Комиссия төрагасы Киммо Килюнен июнь коогалаңы аскердик кылмыш же геноцид эмес деп, бирок анда адамгерчиликке каршы кылмыш фактылары орун алганын билдирген. (EK)

XS
SM
MD
LG