Бишкек шаардык прокуратурасы Ата-Түрк сейил багындагы мыйзамсыз бөлүнгөн жер тилкелери боюнча териштирүү жүргүзүүдө. Шаардык прокуратура Ата-Түрк багында 30 гектар жер мыйзамсыз бөлүнгөнүн аныктады.
Учурда Бишкек прокуратурасы сейил бактан экс-президент Курманбек Баиевдин тушунда “ Ю-Ти-Ай Глобал” ЖЧКсына мыйзамсыз бөлүнгөн 5 гектар жерге байланыштуу ачылган кылмыш ишин териштирүүдө. Иликтөөлөрдүн алдын ала жыйынтыктары боюнча мэрия жана Октябрь акимиатынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерге жол берилгени такталды. Бул тууралуу Баш прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн маалымат таратты. (EK)