Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:31

Жогорку Кеңеш Килюнендин Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салды


Бүгүн парламент жыйынында июнь коогасын иликтөөгө алган эл аралык комиссия корутундусун юридикалык күчү жок документ катары таануу чечими кабыл алынды. Отчет депутаттар тарабынан Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна шек келтире турган, тараптарды элдештирбестен кайра козута турган бир тараптуу, дыкат иликтөөгө алынбаган деп таанылды.

Жогорку Кеңеш депутаттары тийиштүү органдарга кайрылып, “Тышкы миграция” мыйзамына ылайык июнь коогасын иликтеген эл аралык комиссия төрагасы Киммо Килюнендин Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салды.

Депутаттар Килюненди эл аралык коомчулукка өлкөнүн түштүгүндөгү былтыркы коогалуу окуялар боюнча так маалымат бербегени үчүн айыптап жатышат.

"Азаттык" азыр бул маселе боюнча комиссия төрагасы Киммо Килюнендин пикирин билүүгө аракет жасоодо. (EK)

XS
SM
MD
LG