Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:01

“Республика”: Бабанов - Максим Бакиев аудиосу жасалма


Бүгүн Жогорку Кеңеште “Респубика” фракциясынан депутат Курманбек Дыйканбаев маалымат жыйынын өткөрүп, партия лидери Өмүрбек Бабановдун таламын талашты. Дыйканбаев фракция эксперттери Бабановдун “Максим Бакиев менен сүйлөштү” деген аудиосун жасалма экенин аныктаганын билдирди. Дыйканбаев чулгандуу аудио боюнча маалымат депутат Өмүрбек Абдрахмановдун жардамчысы Урмат Иманалиевдин электрондук кат куржуну аркылуу тараганын айтты.

Дыйканбаев ишкер Валерий Хонго болгон кол салууга да токтолуп, Бабанов ошол убакта башка депутаттар менен катар эле жыйында отурганын кошумчалап өттү. Депутат бул окуя чагымчылык болуш мүмкүндүгүн четке каккан жок.

Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун жарандыгы тууралуу түшүндүрмө берип жатып "республикачы" Курманбек Дыйканбаев Жогорку Сот бул маселеге эчак эле чекит койгонун жана бул боюнча түзүлгөн апелляциялык комиссия Бабановдун кыргыз жарандыгын тастыктаганын билдирди.

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, мыйзамдуулук, коррупция менен күрөшүү боюнча жана Бюджет, каржы боюнча комитеттеринин биргелешкен жыйынында депутаттык комиссиянын төрагасы Өмүрбек Абдрахманов биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабановго байланыштуу көптөгөн кыңыр иштер ашкереленгенин жарыялады. (EK)

XS
SM
MD
LG