Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:16

Чоң Сегиз кезектеги бийик жолугушууга чогулду


Франциянын Довил шаарында Чоң Сегиздин саммити башталды. Күн тартибине араб өлкөлөрүндөгү элдик көтөрүлүштөр, Япониянын атомдук ишканасындагы кырдаал өңдүү маселелер коюлган. Жетекчилер жыл башында авторитардык режимдерди төңкөргөн Тунис менен Египетке бир нече миллиард долларлык жардам берүү планын жактырышат деп күтүлүүдө. Финансылык колдоо Перси булуңундагы башка өлкөлөргө да берилиши ыктымал. Лидерлер Эл аралык валюта фондунун жаңы жетекчисин тандоо маселесин да талкуулашмакчы. Мурдагы төрага Доминик Стросс-Кан кылмыш ишине байланыштуу бир нече күн мурун кызматынан кеткен. Франциянын экономика министри Кристин Лагард кечээ талапкерлигин расмий жарыялаган. Аны Европа Биримдиги колдоодо.

XS
SM
MD
LG