Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:46

Тбилисидеги кагылышууда 2 киши мерт болду


Тбилисидеги демонстранттарды таркатуу үчүн полиция суу аткычты жана жаш чыгаруучу газ колдонду. 2011-жылдын 26-майы.
Тбилисидеги демонстранттарды таркатуу үчүн полиция суу аткычты жана жаш чыгаруучу газ колдонду. 2011-жылдын 26-майы.
Тбилисиде оппозиция уюштурган нааразылык жыйынынын катышуучулары менен полиция кагылыша кетип, эки киши (анын ичинде бир тартип коргоочу) мерт болду. Бул тууралуу Грузиянын Ички иштер министрлиги кабарлады. Президент Михаил Саакашвилинин бийликтен кетишин талап кылган демонстранттарды таркатуу үчүн полиция суу аткычты жана жаш чыгаруучу газ колдонду. Бул полициячыны, министрликтин ырастоосунда, оппозиция лидерлерин коштоп бараткан машине коюп кеткен. Кагылышууда 37 киши жарадар болгону маалымдалды.
Оппозиция жана укук коргоочу топтор полиция ашыкча күч колдонгонун айтышууда.

- Бийлик жазалоочу чараларды көрүп жаткандыктан ушунча киши жараат алды. Алар аянтты бошотуу аракети жөнүндө айтып жатышканы менен, бул – жазалоочу акция болду, - деди оппозициянын лидери Нино Буржанадзе.

Демонстрациянын ондогон катышуучулары кармалып кетти.
Алар 5 күндөн бери уланып келаткан нааразылык чыгууларын токтотуп, Эгемендик күнүнө карата өткөрүлө турган аскердик парадга жолтоо болбоо буйругуна баш ийбей коюшкан.
Оппозиция тарапкерлери президент Саакашвилини "бийликти жеке колуна топтоп алды" деп айыпташууда.

XS
SM
MD
LG