Пакистандын түндүк-батышындагы Хангу шаарында өкмөттүк имараттын жанында жарылуу болуп, бери дегенде 22 киши өлдү. 2-майда АКШ аскерлери "ал-Кайиданын" ана башы Усама бин Ладенди жок кылышкандан кийин Пакистанда бир нече кол салуулар болду. Бүгүнкү теракт үчүн эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек. Пакистандагы талиптер буга чейин болгон жардырууларды бин Ладендин өлүмү үчүн өч алуу акциясы катары уюштурушканын билдиришкен.