Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:04

Дүйнө лидерлери Младичтин кармалышын кубатташууда


Дүйнө лидерлери Босниядагы согуш кылмыштары үчүн шектелип, көп жылдардан бери издөөдө жүргөн Ратко Младичтин кармалышын кубатташууда. Младичтин колго түшүрүлгөнүн бүгүн Сербиянын президенти Борис Тажич өзү бышыктады: “Сербия жумуриятынын атынан Ратко Младичтин бүгүн колго түшүрүлгөнүн жарыялайм. Экстрадиция процесси башталды. Ал Сербия менен Гаага трибуналы ортосундагы тыкыз кызматташтыктын натыйжасында камакка алынды”.
Младич эми БУУнун согуш кылмыштары боюнча трибуналына өткөрүлөт.

Тажич Младич Сербияда кармалганын айтып, операциянын чоо-жайын айтып берүүдөн баш тартты. Босниядагы серб күчтөрүнүн бир кездеги кол башчысы 1995-жылы мурдагы Югославия боюнча согуш трибуналы тарабынан геноцид, согуш кылмыштары, анын ичинде Сребреница кыргыны үчүн айыпталган. Ал окуя Экинчи дүйнөлүк уруштан кийин Европа аймагында болгон эң масштабдуу кылмыш деп таанылган.

Младичти кармап трибуналга өткөрүү Сербиянын Евробиримдикке кошулуу шарты катары айтылып келген.

Европа биримдигинин тышкы иштер министри Кэтрин Эштон Младич кечиктирилбестен БУУнун трибуналына өткөрүлөт деп ишенээрин белгиледи. Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Младичтин кармалышы эл аралык юстиция үчүн “тарыхый күн болуп калды” деп комментарийледи.

XS
SM
MD
LG