Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:23

Чоң сегиздин лидерлери Египет менен Туниске жардам сунуш кылат


Аталган эки өлкөгө бир нече миллиард доллардык жардам бөлүнүшүн Чоң сегиздин лидерлери бүгүн Франциядагы саммитте колдоору күтүлүүдө. Тунис менен Египетте быйыл жыл башында “Араб жазы” деп аталып калган толкундоолор учурунда автократ президенттер бийликтен кулатылган.

Дипломатиялык булактардын айтымында, Чоң сегиздин саммити ошондой эле Түндүк Африка менен Жакынкы Чыгышта Европанын Өнүгүү жана реконструкция банкынын мандаты кеңейтилишин колдомокчу. Түндүк Африка менен Жакынкы Чыгыштагы окуялар Францияда өтүп жаткан саммиттин кечээги алгачкы иш күнүнүн башкы темасы болду.

XS
SM
MD
LG